• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чолпон-Атада КМШ бажы кызматтарынын жетекчилеринин отуруму өттү

Коом 0

Бишкек, 13.09.18. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында КМШдагы өлкөлөрдүн бажы кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин укук коргоо бөлүмдөрүнүн башчыларынын комитетинин 18-отуруму өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Отурумдун жүрүшүндө бажы кызматтарынын жетекчилери бажы тармагындагы кылмыштарды жана укук бузууларды аныктоо боюнча иш тажрыйбаны жана практиканы, КМШ мейкиндигинде экономикалык коопсуздукту камсыздоо боюнча биргелешкен иш-чараларды талкуулашты.

Баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын мыйзамсыз эл аралык жүгүртүүсүнө каршы күрөшүү маселелерине, КМШдагы өлкөлөрдүн бажы кызматтарынын укук коргоо ишмердүүлүгүнүн маалыматтык-аналитикалык камсыздоосун жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулду.

Отурумдун жыйынтыгында уюмда биргелешкен иш-чараларды уюштуруу, укук коргоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча план-график, 2019-жылга СНГRILO-Москва аймактык байланыш түйүнүнүн ишинин планы бекитилди.

Пикир

Оставить комментарий