• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чолпон-Атада КМШ өлкөлөрүнүн ички иштер министрлеринин жыйыны өттү

Коом 0

Бишкек, 08.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 8-сентябрда Чолпон-Ата шаарында Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлеринин кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кеңешмеге Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, Кыргызстан, Россия, Өзбекстан, Казакстан, Беларусь, Азербайжан, Армениянын ички иштер министрлери, Тажикстандын ички иштер министринин биринчи орун басары, КМШ өлкөлөрүнүн аймагындагы уюшкан кылмыштуулук жана кылмыштардын коркунучтуу түрлөрү менен күрөшүүнү координациялоо боюнча Бюросунун директору Олег Коновалов, КМШнын Терроризмге каршы борборунун жетекчиси Евгений Сысоев, Аткаруу комитетинин алдындагы Ички иштер министрлеринин кеңешинин өкүлү Валерий Дубровский жана Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчиси катышты.

Катышуучулар КМШ өлкөлөрүндөгү кылмыштуулуктун абалы, баңгизаттарды мыйзамсыз жайылтуу, курал-жарактарды сатуу, улуттар аралык кылмыштуу топтор, терроризм жана экстремизм менен күрөшүү сыяктуу өзгөчө коркунучтуу кылмыштар менен күрөшүүдө мамлекеттер аралык программаны ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн ички иштер органдарынын киберкылмыштуулукка, өзгөчө оор кылмышкерлерди издөөгө, жаңы акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүүдөгү кызматташуу маселелери каралды.

КМШга мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлеринин кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча катышуучулар тарабынан тиешелүү чечимдерге кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий