• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чолпон-Атада курулуучу өрттөн куткаруу бөлүмүнүн имаратынын пайдубалына капсула салынды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 05.04.21./Кабар/. Кечээ, 4-апрелде Чолпон-Ата шаарында жаңыдан курулуучу өрттөн куткаруу бөлүмүнүн имаратынын пайдубалына капсула салуу иш чарасы болуп өттү. Бул тууралуу КР ЖКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бул имаратты куруу Кыргыз Өкмөтү менен Кореянын эл аралык кызматташтык уюму (KOICA) жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын ортосунда түзүлгөн келишимдердин натыйжасында ишке ашырылып жатат.

Салтанатка Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев, Корея Республикасынын Улуттук жыйынынын төрагасы Пак Бёнг Сок жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Луиза Чемберлейн катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Корея парламентинин төрагасы Пак Бёнг Сок дүйнө жүзү боюнча табигый кырсыктар күндөн-күнгө көбөйүп жатканына токтолуп, аны азайтуу ар бир өлкө үчүн маанилүү милдет болуп калгандыгын кошумчалады. Ал ошондой эле, табигый кырсыктардан коргонуу алкагында эки өлкөнүн улуттук потенциалын жогорулатуу боюнча кыргыз мамлекетинин аракеттерин кубануу менен колдоорун баса белгиледи.

Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев көрсөтүп жаткан жардамы үчүн Корея өкмөтүнө ыраазычылык билдирип: "Биз бүгүн өрттөн жана башка табигый кырсыктардын коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуучу, стратегиялык долбоорду ишке ашыруунун башталышына күбө болуп жатабыз. Чолпон-Ата шаарындагы өрттөн куткаруу бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулуш аянтчасындагы капсула салуу аземи кыргыз-корей достугунун символу болуп кала берет", - деди.

Эскерте кетсек, 3-апрелде Корея Республикасынын Улуттук жыйынынын төрагасы Пак Бёнг Сок Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген. Ал 5-апрелге чейин улана турган сапарынын алкагында бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий