• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чолпон-Атада Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын президенттери театрлаштырылган оюн көрүштү

Президент 0


Бишкек, 20.07.22. /Кабар/. Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын президенттери Садыр Жапаров, Шавкат Мирзиёев жана Касым-Жомарт Токаев бейформал сый тамактын соңунда Борбордук Азия мамлекет башчыларынын Төртүнчү Консультативдик жолугушуусунун алкагында театрлаштырылган оюн көрүштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, “Nomad” этно-комплексинин амфитеатрында сыйлуу конокторго “Манас” эпосу, көчмөндөрдүн жашоосу, каада-салты, ата-бабаларынын мурастары тууралуу баяндаган “Улуу Мурас” театралдаштырылган оюн-зоогу көрсөтүлдү.

Мындан мурда президенттер кеме менен Ысык-Көлдө сейилдешкен, андан соң Садыр Жапаров, Шавкат Мирзиёев жана Касым-Жомарт Токаев этномаданий туризм менен таанышып чыккан.

Белгилей кетсек, Мирзиеев менен Токаев бүгүн Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Борбор Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргызстанга келишкен.

БА лидерлеринин саммитине ошондой эле Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов катышат.

Пикир

Оставить комментарий