• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Чолпон-Атада мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахманов атындагы парк ачылат

Президент 0

Бишкек, 21.12.21. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарына (Ысык-Көл) Жусуп Абдрахманов атындагы парк уюштурулуп, бул эс алуу багына Жусуп атабыздын айкелин ачуу пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров чыгаан мамлекеттик ишмер, кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөчүлөрдүн бири Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди.

Өлкө башчысы өз сөзүндө Жусуп Абдрахмановдун жаркын элесин эскерүү жана анын 120 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча мамлекеттик деңгээлдеги уюштуруу комитети түзүлүп, бир топ иш-чаралар өткөрүлгөндүгүн айтты.

Президент ушул жылдын 31-августунда Жусуп Абдрахмановго Кыргыз Республикасынын Баатыры деген мамлекеттик эң жогорку наам ыйгарылгандыгын эске салды.

"Муну менен биз кыргыз мамлекетүүлүгүнө негиз салып, жол чапкан Жусуп атабыздын арбагынын алдында бир эсе жеңилдеп, бир эсе парзыбыздан кутулгандай болдук", - деди ал.

Ошондой эле Садыр Жапаров Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдык мааракесин өткөрүүнүн алкагында аткарылган иш-чараларга токтолду. Алсак, мамлекеттик архив агенттиги тарабынан Казакстан Республикасынын президентинин архивинен, Алматы областынын Мамлекеттик архивинен, аудио-жазуу жана кинофотодокументтер борбордук архивдеринен Ж. Абдрахмановго тиешелүү 33 барактуу 13 документ, 33 фотодокумент табылып, санарип форматка көчүрүлдү. Орусия архивинин социалдык-саясий тарыхы жана Орусиянын мамлекеттик кинофотодокументтер архивинен 19 аудиовизуалдык документтин санарип көчүрмөлөрү табылып, сканерден өткөрүлдү. Ошондой эле Москва шаарындагы Россия Федерациясынын мамлекеттик коомдук-саясий тарых архивинен Ж.Абдрахманов жөнүндө 155 баракта 39 архивдик документ табылды.

Белгилүү кинорежиссер Эрнест Абдыжапаровдун Жусуп Абдрахмановдун өмүрүнө жана ишмердүүлүгүнө арналган “Ж. Абдрахманов” аттуу даректүү тасмасы өлкөнүн бардык аймактарынын кинотеатрларында акысыз көрсөтүлдү.

Ж. Абдрахмановдун өмүрүнө жана саясий ишмердүүлүгүнө арналган тарых илимдеринин доктору, профессор А.С.Ормушевдин жана тарыхчы В.Жумалиеванын “Жусуп Абдрахманов – чыгаан мамлекеттик ишмер” аттуу илимий китеби басып чыгарылды.

“Великий Жусуп Абдрахманов и его эпоха” документалдык жыйнагын басып чыгарууга Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фондунан 390 000 (үч жүз токсон миң) сом бөлүнүп берилди.

2021-жылдын 9-декабрында Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Комиссиянын кезектеги отурумунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясына Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгаруу маселеси каралып, колдоого алынган.

"Ал эми бүгүнкү жыйынтыктоочу иш-чаранын алдында, кечээ жакында эле Абдрахмановдун урпактары менен чогуу Жусуп атабыздын күндөлүгүнүн түп нускасын улуттук Тарых музейине тапшырып бергендигиме өзүңүздөр күбө болдуңуздар. XX кылымдагы жалпы улуттук тагдырыбыздын эң маанилүү саясий документтердин биринен саналган бул кол жазманы өзгөчө коргоодогу улуттук таберик деп жарыяладым. Ошентип, Жусуп атабыздын күндөлүгү музейдин эң баалуу экспонатына айланды", - деди президент Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий