• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чолпон-Атада милиция кызматкерин сүзүп кеткен айдоочуга кылмыш иши ачылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29-июнь /Кабар/. Чолпон-Ата шаарындагы милиция кызматкерин сүзүп кеткен «Subaru Forester» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусуна карата кылмыш иши ачылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кылмыш иши “жол коопсуздугун бузуу” беренесинин негизинде козголгон.

Эскерте кетсек, кырсык 28-июнда саат 17:00 чамасында Чолпон Ата шаарында болгон. 26 жаштагы “Subaru Forester” унаасынын айдоочусу кызматта турган патрулдук милиция кызматкерлерин сүзүп кеткен.

Маалымдалгандай, айдоочу унаасын жогорку ылдамдыкта башкарып келатып, алдынан чыккан унаа менен кагылышуудан качып рулду буруп, натыйжада патрулдук милиция кызматкеринин унаасын сүзгөн.

Белгилүү болгондой жол кырсыгы катталган соң бир милиция кызматкери бейтапканага жеткирилип, ага операция жасалган. Анткен менен алган жараты оор болгондуктан, кызматкер эсине келбей көз жумган.

Пикир

Оставить комментарий