• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чолпон-Атада ШКУнын Run the Silk Road Ысык-Көл IX эл аралык марафону старт алды

Аймак 0


Ысык-Көл, 15.05.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 15-майда саат 08:00дө Чолпон-Атадагы ат майданында XXII Олимпиада оюндарында коло медаль жеңген Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган ШКУнын Run the Silk Road Ысык-Көл IXэл аралык марафону башталды.

Марафондун максаты сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу, калкты дене тарбия жана спорт менен үзгүлтүксүз машыгууга тартуу, спорттук иш-чаралар аркылуу ШКУга мүчө өлкөлөрдүн кызматташтыгын бекемдөө, эл аралык достук, спорттук байланыштарды жана туризмди өнүктүрүү, аймактагы күчтүү марафончуларды аныктоо.

Иш-чарага ШКУга мүчө 35 өлкөдөн алдыңкы спортчулары жана Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөлөрү катышууда. Спортчулар 42 чакырым 195 метр (марафон), 21 чакырым 97 мерт (жарым марафон), 10 чакырым жана 3 чакырым аралыкка жүгүрүшөт.

Ошондой эле спорттук жарыштын алкагында 3 чакырымга скандинавиялык басуу каралган. Марафон жана жарым марафонго чуркаган спортчулар үчүн жалпы 1 млн 44 миң сом байге фонду катары коюлган.

Ал эми иш-чараны өткөрүүгө мамлекет тарабынан 12 млн сом бөлүнгөн. ШКУнун Ысык-Көл эл аралык марафонунун нормативин аткарган спортчуларга дүйнө чемпионатына, Олимпиада оюндарына жана Азия оюндарына жолдомо берилет.

Просмотрено Adil в Пятница 18:18

Пикир

Оставить комментарий