• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чолпон-Атада "Run the Silk Road" эл аралык марафону өтөт. Жол 7 саатка жабылат

Аймак 0

Бишкек, 11.05.18. /Кабар/. Балыкчы-Чолпон-Ата-Каракол унаа жолунун бир бөлүгү эртең, 12-майда 7 саатка жабык болот. Бул тууралуу Ысык-Көл районунун Жол коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, саат 9:00дөн 16:00гө чейин Бактуу-Долоноту айылынан Корумду айылына чейинки трасса (83-105-чакырымдар) толугу менен жабылат. Бул Кыргызстандын 7-Эл аралык Run the Silk Road марафонун өткөрүүгө байланыштуу.

Чуркоого ар кайсыл өлкөдөн келген спортчулар катышат. Марафон Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда саат 9:00дө башталат.

КР ИИМ ЖКККББсы жарандарды “Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол” унаа жолу аркылуу убактылуу альтернативдик каттамдарын тандоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий