• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чолпон-Атада Садыр Жапаров менен Шарль Мишелдин жолугушуусу өтүүдө

Саясат 0

Чолпон-Ата, 03.06.23. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаровдун Кыргызстанга расмий сапары менен келген Европа Кеңешинин башчысы Шарль Мишель менен кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөрү башталды.

Садыр Жапаров өз сөзүндө Европа Кеңешинин президентинин Кыргызстанга болгон расмий сапары эки тараптын ортосундагы мамилелерди чыңдоодогу маанилүү этап болуп саналарын билдирди.

"Биринчиден, мен Европа бирлигине өлкөбүздүн туруктуулукка, өнүгүүгө жана демократияга карай жолунда баа жеткис колдоосу жана жардамы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алгандан тартып өнүгүү жана жаңыртуу жолунда маанилүү роль ойногон Европа Бирлиги менен түзүлгөн кызматташтыкты жана өнөктөштүктү жогору баалайт. Кыргызстан – коому динамикалуу өнүгүп жаткан жаш өлкө. Демократиянын, саясий жана социалдык-экономикалык реформалардын жолун тандап алган өлкө. Биз демократиялык институттарды чыңдоо, мыйзам үстөмдүгүн илгерилетүү жана адам укуктарын коргоо жаатында олуттуу ийгиликтерге жетиштик. ", - деди Жапаров.

Өз кезегинде Шарль Мишель Кыргызстан менен Евробиримдиктин баалуулуктары көп маселелерде окшош экенин айтты.

"Евробиримдик бир катар максаттарды бөлүшөт жана туруктуулук менен коопсуздукка ишенет. Өз ара байланыштарды өнүктүрүү экономиканы өнүктүрүүгө, коопсуздукту жакшыртууга жана жалпы максаттарга жетишүүгө алып келиши керек деп эсептейбиз", - деп баса белгиледи Шарль Мишель.

Эске сала кетсек, Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель күн мурун "Европа Биримдиги – Борбордук Азия" экинчи саммитине катышуу үчүн Кыргызстанга келген, бүгүн анын өлкөгө болгон расмий сапары башталды.

Пикир

Оставить комментарий