• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Чолпон-Атада түрк тилдүү элдердин салттуу музыкасына арналган симпозиум өтүүдө

Маданият 0

Бишкек, 08.09.22. /Кабар/. Чолпон-Атада түрк тилдүү элдердин салттуу музыкалык искусствосунун изилдөөчүлөрү катышкан эл аралык симпозиум өтүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Иш-чара 9-сентябрь – Комуз күнүнө карата өтүүдө

Симпозиумга Кыргызстан, Казакстан, Италия, Венгрия, Финландия, Австрия, Япония, АКШ, Канада, Улуу Британия, Сербия, Түркия, Азербайжан, Россия, Өзбекстан, Албания, Татарстан, Болгария, Түркмөнстан жана башка мамлекеттен келген илимпоздор, салттуу музыка искусствосун алып жүрүүчүлөрү оффлайн жана онлайн катышууда.

Иш-чаранын алкагында түрк тилдүү элдердин салттуу музыкалык искусствосунун изилдөөдөгү көйгөйлөр жана анын булактары, салттардын дүйнөдөгү өзгөрүүлөрү, түрк элдеринин бий жана ыр салттары жана алардын учурдагы изилдөө методдору боюнча пленардык талкуулар жүрүүдө.

Белгилей кетсек, симпозиум 8-сентябрда жыйынтыкталат. Ал эми симпозиумдун катышуучулары 9-сентябрда Бишкекте өтө турган комуз күнүнө карата даярдалган гала концертке катышат.

Пикир

Оставить комментарий