• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Чолпон-Атада турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза болду

Кырсык 0


Бишкек, 07.12.21. /Кабар/. Чолпон-Атада турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында турак үйдүн аянты 50 чарчы метр болгон бөлмөсү толугу менен күйгөн.

Өрттүн кесепетинен 1958-жылы туулган эркек киши каза болгон. Өрт саат 18:53 чектөөгө алынып, саат 20:15те толугу менен өчүрүлгөн.

Өрт электр зымдарынын кыска чыналуусунан келип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий