• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чолпон-Атада жаш балдар арасындагы зомбулукту болтурбоо боюнча тегерек стол өттү

Аймак 0

Бишкек, 02.12.17 /Кабар/. Чолпон-Ата шаардык администрациясынын жыйындар залында «Жаш балдарды зордук-зомбулуктан коргоо» аталышындагы тегерек стол уюштурулду. Бул тууралуу муфтияттын сайтында маалымдалат.

Иш-чарага райондук акимдин орун басары Сатындиева Салтанат, райондук башкаруу бөлүмүнүн башчысы Динара Абирова, мектеп директорлору, РИИБ кызматкерлери жана райондун баш имам хатиби Максат Сейталиев катышты.

«Ыйман-адеп жана маданият» жылына карата болгон тегерек стол алкагында бүгүнкү күндө болуп жаткан терс көрүнүштөр, балдарга болгон зордук-зомбулуктарга каршы аткарылып жаткан иш-аракеттер туурасында маалыматтар берилип, диний кырдаал, терс агымдардын азгырыктуу иш аракеттеринин коомчулукка тийгизген терс таасири жана анын алды алуу туурасында бир катар ой-пикирлер айтылды.

Тегерек стол суроо-жооп менен коштолуп, иш чаранын соңунда мындай жолугушуулардын жыйынтыктарын аткаруу тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий