• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Чолпон-Атада жол кырсыгынан жабыркаган милиционер каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 29-июнь /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында унаа коюп кеткен патрулдук милиция кызматкери каза болду. Бул тууралуу Facebook баракчасына ИИМ кызматкери Елена Аильчиева жазды.

“Түбөлүк эсибизде. Ал кызматтан үйүнө кайтпай калды”, - деп билдирди ал.

Жол кырсыгынан кийин милиционерди дароо ооруканага жеткиришип, операция жасалган. Бирок ал эсине келбестен, көз жумду.

Анын эки буту сынып, көк боору жарылып, ичинен кан кеткени айтылган.

Эскерте кетсек, 28-июнда Чолпон-Атада «Субару Форестер» унаасы Патрулдук милициянын постто турган кызматкерлерин сүзүп кеткен. Айдоочу катуу ылдамдыкта келе жатканы, башка унаа менен сүзүшүүдөн качып, милициянын унаасын сүзүп алганы маалымдалган.

Пикир

Оставить комментарий