• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чолпон-Атадагы 70 орундуу райондук оорукананын капиталдык оңдоо иштери бүткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 15.09.20. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарындагы 70 орундуу райондук оорукананын капиталдык оңдоп-түзөө иштери бүткөрүлдү. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, объекттин оңдоо жумуштары 2020-жылдын июль айында башталып сентябрь айында бүткөрүлдү. Объекттин сметалык наркы 21,4 млн сомду түзөт.

"Подряддык уюм тарабынан имараттын ичиндеги эски эшик-терезе, инженердик түтүктөр ажыратылды, ички дубалдардын шыбактары түшүрүлүп, жасалгалоо жумуштары аткарылды.Чатырды реконструкциалоо, электрмонтаждоо иштери, желдетүү, сантехникалык жумуштар жасалган. Ошондой эле жаңы эшиктер, терезелер толугу менен орнотулуп, полдор жаңыланган. Андан сырткары, айланасын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлгөн", - деп айтылат билдирүүдө.

Объекттин оңдоо иштерине “Региондорду өнүктүрүү жана социалдык өнөктөш фондунун” эсебинен 16 млн 495 миң сом каржыланган.

Пикир

Оставить комментарий