• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чолпон-Атадагы “Алтын балалык” санаториясы оорукана катары пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 02.07.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы “Алтын балалык” санаториясы оорукана катары пайдаланууга берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев брифингде билдирди.

Осмоналиев ооруканаларда кошумча орундуктарды тузүү боюнча тапшырма берилгенин айтат.

“Чолпон-Атадагы “Алтын балалык” санаториясы оорукана катары пайдаланууга берилди. Бул жерде 50 орундук даярдалды. Жети-Өгүздөгү оорукананы дагы сурап жатабыз. Ал да оң жагына чечилет деп күтүүдөбүз”, - деди облус жетекчи.

Ал кошумчалагандай, Ысык-Көл облусунда жеке коргонуучу каражаттардын саны 1-2 айга жетет жана анын санын 3 айга жеткирүү үчүн иш-аракеттер жүрүүдө. “Бул боюнча биз Республикалык штаб, Саламаттык сактоо министрлигине кайрылдык. Жеке коргонуучу каражаттар боюнча маселени убагында чечебиз”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий