• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чолпон-Атадагы ат майданы: Көк бөрү боюнча биринчи күндүн жыйынтыгы

Спорт 0

Бишкек, 07.05.18. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарындагы (Ысык-Көл облусу) ат майданда 6-майда Жеңиш күнүнө арналган көк бөрү боюнча мелдештин биринчи күнү аяктады.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бул жылы көк бөрү боюнча турнирде 10 курама катышууда. Курамалар Жогорку жана Биринчи болуп эки лигага бөлүнгөн. Жогорку лигадагы төрт курама бир айлампада өз ара ойношот. Эң көп упай топтогон курама жеңишке жетет. Биринчи лигада 6 курама ойнойт.

6-майга карата жыйынтыктар:

“Сары-Өзөн” – “Көк жал” – 4:2

“Толкун” – Жаш-Тилек” – 8:4

“Достук” – “Четинди” – 15:3

“Ынтымак” – “Биримдик” – 5:3

Бүгүн, 7-майда саат 11:00дөн тарта “Көк Жал” – “Жаш Күч” жана “Жаш Тилек” – Аафият” курамалары өз ара ойноп жатышат.

Эске сала кетсек, аталган турнир КР курама мүчөлөрү үчүн III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына тандоо болуп саналат.

Спорттук иш-чараны уюштуруу үчүн спорттун улуттук түрү боюнча дирекциясынан 3 миллион 467 миң сом каралган. Мындай иш-чаралар “Региондорду өнүктүрүү жылына” арналган.

Маалым кат:

Лиганын курамы:

Жогорку лига: “Ынтымак”, “Достук”, “Четинди”, “Биримдик”

Биринчи лига: “Көк Жал”, “Толкун”, “Аафият”, “Сары-Өзөн”, “Ысык-Көл-1”, “Ысык-Көл-2”.

Пикир

Оставить комментарий