• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чолпон-Атадагы ат майданын оңдоо иштерине бюджеттен 10 млн сом бөлүнөт

Аймак 0

Бишкек, 27.03.18. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдун оңдоо иштерине бюджеттен 10 млн сом бөлүнөт.

Өкмөт Жогорку Кеңешке келе жаткан күздө күтүлүп жаткан ДКОго даярдык көрүү иштеринин алкагында оңдоо иштерине 10 млн сом бөлүү сунушун карап чыгууну сунуштады.

Каржы министри Адылбек Касымалиевдин айтуусунда, бул каражаттардын булактары аныкталды.

Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитети аталган сунушту колдоду.

Эске сала кетсек, 2018-жылдын сентябрь айында Ысык-Көлдө III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары (ДКО) өтөт.

Пикир

Оставить комментарий