• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чолпон-Атадагы “Ден-Соолук” пансионатынын 2,7 га жери мамлекетке кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 25.12.18. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы “Ден-Соолук” медициналык-реабилитациялык балдар комплекси пансионатынын 2,7 га жери мамлекетке кайтарылган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2000-жылдары Чолпон-Ата шаарынын башкармалыгы жана Ысык-Көлдүн райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан “Ден-Соолук” борборунун 2,7 гектар жери У.А. аттуу жаранга мыйзамсыз берилгендиги аныкталган. Кийин бул жер 26 тилкеге бөлүнүп, башка адамдарга сатылган.

Ысык-Көл райондук прокуратурасы тарабынан Чолпон-Ата шаарынын башкармалыгы жана Ысык-Көлдүн райондук мамлекеттик администрациясынын токтомун жана сатуу келишимдерин да жарамсыз деп табуу арызы келип түшкөн.

2018-жылдын 12-мартында сот аталган арыздарды канааттандыруу чечимин чыгарган.

Баасы 37 млн. 692 миң сомду түзгөн 2,7 гектар жер мамлекеттин балансына кайтарылып берилген.

Пикир

Оставить комментарий