• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чолпон-Атадагы кырсыктын күнөөкөрү мас абалында болуп, башка бирөөнүн унаасын айдап бараткан

Кырсык 0

Бишкек, 02.10.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Чолпон-Атада болгон төрт адамдын өмүрүн алган кырсыктын күнөөкөрү, мас абалында болгон. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ИИБнан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, экспертиза көрсөткөндөй айдоочу кыз мас абалында болгон. Учурда ал кармалып, иликтөө иштери жүрүүдө.

ИИБден билдиришкендей, кыз башка бирөөнүн унаасын башкарып бара жаткан. Бирок унаанын кожоюну айдоочунун жанында болгон.

Эске сала кетсек, 1-октябрда болжол менен саат 04:01 чамасында Балыкчы-Чолпон-Ата-Каракол унаа жолунун 65 чакырымында жол кырсыгы катталган. “Mercedes Benz” унаасы тез жардам унаасы менен кагылышып, төрт адам каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий