• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чолпон-Атадагы Раппопорт аллеясы калыбына келтирилет

Аймак 0

Бишкек, 08.09.20. /Кабар/. Чолпон-Атадагы белгилүү Раппопорт аллеясы калыбына келтирилет. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө долбоор иштелип, долбоордук-сметалык документтер даярдалып жатат.

«Бир нече вариант бар. 10 күндүн ичинде долбоор даярдалат, ал жактырылышы керек. Андан кийин каржы булагын издөө башталат», - деп билдиришти.

Раппопорт аллеясы Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде, Чолпон-Ата шаарына жакын унаа жолунун боюнда жайгашкан. Жалпы узундугу 4,5 чакырымды түзөт. Ал 1934-жылы негизделген.

Пикир

Оставить комментарий