• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чолпон-Атанын борбордук базарында мыйзамсыз балык сатып жаткан жаран аныкталган

Аймак 0

Бишкек, 27.04.20. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарынын борбордук базарында эркек киши Ысык-Көлдө байырлаган балыкты мыйзамсыз сатып жаткан.

Мамэкотехинспекциядан билдиришкендей, алынган маалыматтан соң ведомствонун кызматкерлери милиция кызматкерлери менен биргеликте базарга келишкен. Алар балык сатып жаткан адам Бактуу-Дөлөнөтү айылынын А.М. аттуу тургуну экендигин аныкташкан. Ага карата акт түзүлүп, жаныбарлар дүйнөсүнө 14 миң 140 сом чыгым келтирилгендиги аныкталды.

Толтурулган документтер ички иштер органдарына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий