• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чолпон Султанбекова балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу боюнча жыйын өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 14-июль /Кабар/. Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө жай айларында балдардын эс алуусун уюштуруу, анын ичинде оор турмуштук абалдагы жана жаратылыш кырсыктарынан жабыркаган үй-бүлөлөрдөгү балдарын эс алуусу боюнча маалымат угулду. Мындан тышкары, коомдук жайларда тамактануу жана ууланууларды алдын алууну көзөмөлдөө, көлмөлөрдө эс алгандардын коопсуздугу, коомдук тартипти сактоо жана Ысык-Көл облусуна эс алуучулардын каттамы чоң болуп жатканына байланыштуу жолдогу кыймылдын коопсуздугу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маселелер талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, жаратылыш кырсыктарынан жабыркаган 170 бала эс алып бүтүштү, калган балдар үстүбүздөгү жылдын август айында эс алат. Ошол эле маалда жабыркаган үй-бүлөлөрдөгү балдардын ЖОЖдорго жана техникумдарга окууга өтүүсүнө жардам көрсөтүү боюнча да иштер аткарылып жатат. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, турмуштук оор абалдагы жана ата-энесиз 4182 баланын ичинен 426сы эс алып бүтүштү. Жыйындын жүрүшүндө вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова көлмөлөрдөгү эс алууга өзгөчө көңүл бөлдү.

«Жергиликтүү бийлик органдары Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте суудагы кырсыктардын алдын алуу максатында калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек. Жол кырсыктарын алдын алуу максатында Ички иштер министрлиги жолдордун айрым жерлеринде кошумча жол белгилерин орнотуу маселесин иштеп чыксын», – деди ал.

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова белгилегендей, менчиктин түрүнө карабай бардык балдар лагерлерин жай мезгилинде тиешелүү мамлекеттик органдар тоскоолдуксуз текшерип чыгуу маселесин да иштеп чыгуу керек.

«Республика боюнча көптөгөн жеке балдар лагерлери ачылды, аларды бардык нормаларга жана талаптарга жооп берерин текшериш керек, анткени бул жакта балдардын коопсуздугу тууралуу сөз болуп жатат. Массалык уулануу жана жугуштуу ооруларды алдын алуу үчүн, өзгөчө жай мезгилинде Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти тоскоолдуксуз текшерүүлөрдү жүргүзүшү керек», – деп белгиледи вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова.

Пикир

Оставить комментарий