• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Чолпон Султанбекова: Дары-дармек каражаттарынын Улуттук маалымат базасын ишке киргизүү дарылоо мекемелеринин ишинин натыйжалуулугу көтөрөт

Өкмөт 0

Бишкек, 14-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова бүгүн, 14-мартта дары-дармек каражаттарынын Улуттук маалыматтар базасын түзүү жана ишке киргизүү маселесине арналган «тегерек стол» жыйынына катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Вице-премьер-министр белгилегендей, дары-дармек каражаттары жана медициналык дайындоолордун Улуттук маалыматтар базасын түзүү маанилүү маселелерден болуп саналат.

«Дүйнөдө саламаттыкты сактоо системасынын негизги милдеттеринин бири- калкты коопсуз, натыйжалуу жана жеткиликтүү дары каражаттары менен камсыздоо болуп саналат. Бул максатта өлкө Президенти, Өкмөттүн колдоосу менен дары-дармек каражаттарынын Улуттук маалыматтар базасын түзүү, электрондук саламаттыкты сактоо системасы жүзөгө ашырылууда.

Дары-дармек тармагында белгилүү бир жетишкендиктерге карабастан өлкөдө чечилбеген бир катар көйгөйлөр бар. Алардын ичинде курч көйгөйлөрдүн бири бул калк үчүн дары каражаттарынын экономикалык жеткиликтүүлүгү, дарыгерлер тарабынан дары-дармектин туура эмес дайындоо практикасы, ошондой эле дары-дармектерди калктын ашыкча жана көзөмөлсүз керектөөсү болуп саналат», – деп белгиледи Чолпон Султанбекова.

Ал белгилегендей, дары-дармектер боюнча Улуттук маалыматтар базасын түзүүгө Саламаттыкты сактоо министрлиги, Өкмөткө караштуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду , бир катар мамлекеттик органдар, жеке фармацевтикалык тармак, мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ыйгарым укуктарынын чегинде катыша алышат.

Вице-премьер-министр дары-дармек каражаттарынын Улуттук маалыматтар базасын ишке киргизүү менен өлкөдөгү дарылоо мекемелеринин ишинин натыйжалуулугу артарына басым жасады.

Бирок зарыл болгон платформаны түзүү үчүн ар бир медициналык мекемеде жана саламаттык сактоо уюмдарында маалыматтарды жүктөөнүн автоматташтырылган түрүн иштеп чыгуу, адистерди окутуу, маалыматтык борбор түзүү талап кылынат. Бүгүнкү күндө медициналык кадрлардын, атап айтканда маалыматтык технологиялар менен иштей билген адистердин жетишсиздиги көйгөйү бар.

Пикир

Оставить комментарий