• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Чолпон Султанбекова: Этникалык кыргыздардын абалын жакшыртуу – кечиктирилгис чечимди талап кылган маанилүү маселе

Өкмөт 0

Бишкек, 14-февраль /Кабар/. «Кечиктирилгис чечимди талап кылган маанилүү маселе катары этникалык кыргыздардын абалын жакшыртуу саналат», – деди Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова бүгүн, 14-февралда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын коллегиялык жыйынында.

Вице-премьер-министр миграциялык саясаттын тез арада чечүүнү талап кылган негизги маселелерине көңүл бурду.

«Айрым оңдуу көрүнүштөрдүн орун алуусу менен катар, бүгүнкү күнгө дейре ведомство тарабынан ички жана тышкы миграция көйгөйлөрүн чечүүдө так багыттар аныкталган эмес. Кызматтын бирден-бир башкы милдеттеринин бири – эмгек мигранттарына колдоо көрсөтүү, үчүнчү өлкөлөргө кетип жаткан мигранттарга квалификациялуу көмөк көрсөтүү, алардын коопсуздугун жана укугун камсыздоо болуп саналат. Буга катар тышкы миграция деңгээлин ырааттуу кыскартуу максатында республикада жаңы жумушчу орундарын түзүү керек», – деп белгиледи Чолпон Султанбекова.

Аталган тармактагы көйгөйлөр тууралуу билдирүүдө вице-премьер-министр тийиштүү миграциялык көзөмөлдүн жоктугуна жана чет жердеги мигранттардын кирип-чыгуу эсеби жүргүзүлбөй жаткандыгына көңүл бурду.

Ал билдиргендей, 2016-жылы Кыргыз Республикасынын чет жердеги жарандарынын саны 800 миңге жеткен. Негизинен кыргызстандыктар иш издеп, Россия Федерациясына жана Казакстан Республикасына чыгып кетет.

«Россиянын Федералдык миграциялык кызматынын «кара тизмесинен» мекендештерди чыгаруу боюнча ишти күчтөндүрүү зарыл. Кечиктирилгис чечимди талап кылган маанилүү маселе – этникалык кыргыздардын абалын жакшыртуу саналат. Аларга жарандык алууда, эмгекке орноштуруу, турак-жай курууга жер бөлүү, пенсия жана жөлөкпул алууда көмөктөшүү керек. Ошол эле учурда учурда өлкөдө жашап жаткан этникалык кыргыздардын так саны тууралуу маалымат жок», – деди ал.

Жыйынтыгында Чолпон Султанбекова Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын кызматкерлеринин начар аткаруучулук тартибин, тактап айтканда, мыйзамадарды, ченемдик-укуктук актыларды жана отчет даярдоодогу жетишсиз ишин атады.

Буга байланышятуу вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова кызмат жетекчилигин өз милдеттерин жана Мамлекеттик миграция кызматынын алдындагы коюлган милдеттерди аткарууга жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий