• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чолпон Султанбекова: “Кыргызстан постсоветтик өлкөлөрдүн арасынан биринчилерден болуп гендердик теңчиликти камсыз кылуу боюнча мыйзам кабыл алган”

Коом 0

Бишкек, 28-февраль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова бүгүн, 28-февралда БУУ Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүндөгү аялдар боюнча аймактык түзүмдүк директору Ингиборг Солрун Гисладоттир менен жолугушту. Вице-премьер-министр белгилегендей, Өкмөт тарабынан гендердик теңчилик боюнча ырааттуу саясат жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

«Кыргызстан постсоветтик өлкөлөрдүн арасында биринчилерден болуп, «Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликти камсыз кылуунун мамлекеттик кепилдигинин негизи жөнүндөгү» мыйзамды кабыл алган. Анда парламентке аялдардын орду үчүн квотанын нормалары камтылган.

Эрте куракта турмуш куруу жана кыздарга карата зордук-зомбулук менен күрөшүү максатында Кыргызстан БУУ бир катар Конвенцияларын ратификациялаган. 2010-жылга чейин гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук стратегия кабыл алынган. Ар үч жыл сайын гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук иш аракеттеги план иштелип чыгат. Гендердик теңчиликке жетишүү боюнча Улуттук иш аракеттеги планында 2015-2017-жылдардагы иш чаралар аялдарга жана кыздарга карата басмырлоонун бардык түрүн жокко чыгаруу, жашы жете электерге нике тажырыйбасын жоюу боюнча Комитеттин сунуштарынын 70% киргизилген», -деди Чолпон Султанбекова.

Ал эскерткендей, 2015-жылдын февралында БУУнун Комитетинин аялдарды жана кыздарды басмырлоонун бардык түрүн жокко чыгаруу боюнча 60-сессиясында Кыргызстан аталган конвенциянын нормаларын аткарылышы боюнча төртүнчү мезгилдик отчетун коргоду. Сессиянын жыйынтыгында Кыргызстан азыркы учурда аткарууда турган аталган докладга жыйынтыктоочу сунушту алган. Мындан тышкары 2012-жылы Өкмөткө караштуу гендердик өнүгүү боюнча Улуттук кеңеш түзүлгөн.

«Азыркы учурда Комитетттин аялдарды жана кыздарды басмырлоонун бардык түрүн жокко чыгарууда Кыргызстандын төртүнчү мезгилдик доклады боюнча жыйынтыктоочу сунуштарынын аракеттеги иш чаралар планы КР Өкмөтүнүн Аппаратынын кароосунда жана ал жакынкы убакта бекитилет», – деп билдирди Чолпон Султанбекова.

Вице-премьер-министр БУУнун Кыргызстандагы тобу гендердик теңчилик маселелерин чечүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ар убак колдоо көрсөтүп келе жатканына басым жасады.

Өз кезегинде Ингиборг Солрун Гисладоттир Кыргызстанда болуп жаткан гендердик саясат менен байланышкан маселелер боюнча жакшы өзгөрүүлөр бар экендигин белгиледи.

«Акыркы жылдары Кыргызстанда көптөгөн жетишкендиктер бар экенин көрдүм, айрыкча гендердик теңчиликке байланышкан өлкөнүн мыйзам базасы жакшырган. Өлкөдө жүргүзүлүп жаткан иштер үчүн ыраазычылык билдиребиз», – деди ал.

Аны менен бирге Ингиборг Солрун Гисладоттир гендердик саясат маселелери анын ичинде эксперттик колдоо көрсөтүүгө даярдыгын билдирди. Ал жакынкы мезгилде Комитетттин аялдарды жана кыздарды басмырлоонун бардык түрүн жокко чыгаруу боюнча Кыргызстандын төртүнчү мезгилдик доклады боюнча жыйынтыктоочу сунуштарынын аракеттеги иш чаралар Планын КР Өкмөтү бекитерине үмүт артып, ыраазычылык билдирди.

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова Кыргызстан гендердик саясатын алдыга жылдырып, азыркы кезде өлкөдө гендердик өнүгүүнүн мыйзам базасы калыптанып, аялдардын саясатка катышуусун колдоо боюнча атайын иш чаралар киргизилип, бардык тармактарда гендердик өнүгүүнүн статистикасы активдүү экенин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий