• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Султанбекова: Жашы жете электердин укуктарын коргоо ишин күчөтүү керек

Коом 0

Бишкек, 29-июль /Кабар/. «Мамлекеттик органдардын конфликтик абалдагы жашы жете электердин укуктарын коргоо менен алектенген ишин күчөтүү керек. Көпчүлүк учурда түрдүү тобокелдиктер туш болгон жашы жете элек балдар өздөрүн физикалык, психологиялык жана юридикалык жактан коргой албай калышууда»,- бул тууралуу вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова 28-июлдагы өкмөттүн алдындагы ювеналдык юстиция боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңешинин кезектеги жыйынында билдирди.

Жыйында балдардын укугун сактоо жана оор абалга туш болгон үй-бүлөлөргө, балдарга колдоо көрсөтүүчү борборлордун ишмердүүлүгүн турукташтыруу маселелери каралды.

Бакшы прокуратуранын маалыматы боюнча 2016-жылы 1380 оор абалга туш болгон катталган болсо алардын 1558 ата-энесинин кароосусуз калгандар, 2290 бала мыйзамда конфликтке туш болгондор, 139 зомбулукка туш болуп алардын 48% ийгиликчиз үй-бүлөдөн экени аныкталган.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин оор абалга туш болгон балдардын укуктарын коргоо боюнча аткарган иштери начар экендиги аныкталды.

Аны менен бирге Ички иштер министрлигинде ата-энелер менен иштөө, алардын балдарды тарбиялоодогу терс таасирин тийгизген көрүнүштөрү жоюу максатында күрөшүү иштеринде көйгөйлөр бар экенин белгилүү болду. Балдар менен иштөө ИДН менен гана чектелип, аларга колдоо көрсөтүү иштери жакшы жүргүзүлбөй жатат.

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова оор абалга туш болгон балдарды каттоо жана аларга ар тараптуу колдоо көрсөтүү боюнча мамлекеттик органдардын бири-бири менен болгон тыгыз кызматташтыгы жок экенин баса белгиледи.

Жыйынтыгында Өкмөттүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө ЮНСЕФ менен биргеликте, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №14 колониясына мониторинг жүргүзүү жана республикадагы өзгөчө шарттарда тарбиялануучулары бар мектептерди координациялык кеңештин мүчөлөрү менен брге мониторинг жүргүзүү боюнча тапшырма берилди.

Пикир

Оставить комментарий