• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Чолпонбаев: Коронавирус жуктургун 3 адамдын абалы канааттандырарлык

COVID - 19 0

Бишкек, 19.03.20. /Кабар/. Коронавирус жуктургун 3 адамдын абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

Ал белгилегендей, алар Жалал-Абаддагы бириктирилген облустук ооруканада жатышат.

"Алардын абалы канааттандырарлык. Дене табы 37,5°C болууда. Жөтөл жана саламаттыгы оорлогон жок", - деди ал.

Белгилей кетсек, 18-мартта саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы учур катталганын – Сузак районунда (Жалал-Абад облусу) 3 адамда коронавирус аныкталганын билдирген. Алар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан учуп келишкен. Коронавирус аныкталгандан кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген

Башында коронавирус жуктурган адамдар келген учакта 135 адам болгону айтылган.

Министрдин айтымында, учурда такталган маалымат боюнча учакта жалпы 144 киши болгон. Алардын 142си табылган. Экөө Өзбекстанга чыгып кеткен.

142 кишинден анализдер алынып, анын үчөөндө оору бар экени аныкталса, калгандарында анализдин жыйынтыктары оору жок экенин көрсөткөн.

11-март күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирусту пандемия деп тааныгын. Пандемия – жугуштуу оорунун бир нече өлкө, континентке массалык түрдө таралышы. Буга чейин дүйнөгө жайылган коронавирстун жаңы түрүнө COVID деген расмий аталыш берилген – CO коронавирусту, VI вирусту туюндурса, D ооруну билдирет.

Пикир

Оставить комментарий