• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чолпонбаева: Мамлекет туруктуу абалга келиши керек. Конституцияны өз убагында бекитүү зарыл

Коом 0

Бүгүнкү күндө коомчулукта жаңы Конституция боюнча жигердүү талкуулар жүрүп жатат. Анын айланасындагы пикирлердин ар түрдүүлүгү жана кызуу талаш-тартыштар – бул демократиянын жана коомдун ачык-айкындуулугунун элементтери. Бул тууралуу экономикалык илимдердин доктору, профессор Сагын Чолпонбаева “Кабар” агенттигине жаңы Конституциянын айланасында жүрүп жаткан талкууларга өзүнүн пикирин айтып жатып билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда Кыргызстандагы окуялардын өнүгүүсүнө дүйнөлүк коомчулук көз салууда, ушуга байланыштуу кыргыз эли, анын интеллигенциясы жана жооптуу ишмерлери зарыл болгон бардык саясий процесстерди мүмкүн болушунда ачык-айкын жургүзүшү керек. Ал биринчи кезекте процесстер сүйлөшүүлөр үстөлүндө, пикир алмашуу жана өз ара мунасага келүү жолу менен өтүшү абзел деп белгиледи.

“Мен Конституциялык кеңешменин ишине көз салып турдум. Жаңы Конституция бардык тараптардын катышуусунда, ачык айкын иштелип чыкканы кубандырат. Документтин үстүндө мамлекеттин турмушунун ар кайсы чөйрөсүндөгү көрүнүктүү адистер жана эксперттер иштешкен. Ооба, майда-баратына чейин иштеп чыгууну талап кылган айрым сындар жана кемчиликтер жок эмес. Бүгункү күндө документ парламенттин кароосунда турат, бардык карама-каршылыктарды оңдоого убакыт жана мүмкүнчүлүк бар. Бирок, биз белгилүү бир адамдардын тобу үчүн гана пайдалуу болгон айрым ченемдер жана алардын кызыкчылыктары Конституцияга күч менен киргизилди же алынып салынды дегенден алыс болушубуз керек. Өлкөнүн башкы документи мазмундуу, ар тараптуу болуп, элдин жыргалчылыгы жана Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн кызмат кылышы керек”, - деп сөзүн жыйынтыктады ал.

«Кабар» МАБ

Пикир

Оставить комментарий