• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чолпонбек Абыкеев: Реформа — анын ачуусу жана татуусу

Коом 0

Башынан эле айтайын. Реформанын биринчи ачуусун татасың. Ошол ачууга чыдасаң реформа жасоону улантасың. Анын ачуулугу жарага себилген тустан да жаман. Реформа жасайм деш, тишиң катуу ооруганда аны "Дарыласамбы же жокпу" - деп ойлонуп отургандай эле иш. Тишти дарылатпасаң оорудан кутулбайсың. Демек реформа жасабасаң мамлекетти оңдой албайсың. Ушул жерде Чынгызхандын “Коркосуңбу баштаба. Баштадыңбы коркпо” - дегенин эстен чыгарбаш керек. Реформанын “татуусу” арадан канча убакыт өткөндө барып билине баштайт. Ага чейин ачуу үстүнө ачуу басып, жанды жейт.

Мамлекеттик реформаны жасоо планын иштеп чыгып анан аны “Баштайм”- деш оңой. Маселе “Тоскоолдуктарды жеңе аламбы же жеңе албаймбы?” - деген суроодо турат. Биринчи кадамды таштаганда эле тоскоолдук астыңды тороп чыга келет. Өткөндө бирө жазыптыр “Рформа жасашка баш керек”- деп. Баштан мурда жүрөк керек. Эрк керек. Буга чейинки “реформа жасайм” - дегендер ошол биринчи урунган “айсбергден” жүрөктөрү түшүп калып артка кайра тартышчу.

Ал кайсы айсберг? Ал адам фактору. Реформа биринчи кезекте канчалаган адамдардын тагдырына катуу тийет. Ансыз реформа жүрбөйт. Так мисал келтирейин. Мына 48 ар кандай министрлик, агенттик кыскартылып саны 12 ге түштү. Канчалаган адамдар ишсиз калды. Алар кимдер? Ичинде чыныгы кесипкөйлөр, өз ишин мыкты билгендер бар. Туура жалкоолору, эптеп жылуу коңулга кирип алып жан баккандары да жетиштүү. Эң башкыса кара башыл адамдар жан баккан булагынан айрылды. Эртең алар кайда барышат? Эмне кылып жан сактайт? Эгер реформа уланып катуу жүрүшү менен кете берсе 3 айга жетпей Республика боюнча аз болгондо 60-70 миңден ашык кызмат оруну кыскарат. Ошондо бир адам өзүнө кошуп эки адамды багып келген болсо 300 миңдин тегерегиндеги адам багуусуз, кароосуз калат. Алардын тагдырына ким жооп берет? Муну мен бир учурда бийликке реформа сунуштаган адам катары жазып атам. Биздин топ бийликтин үч баскычтуу башкаруусун сунуштаганбыз. Кыска айтсам, райондордогу райадиминистарцияларды айрым райондук бөлүмдөрдү жоюп, айыл өкүмөттөрдүн укугун көбөйтүп, Областык адиминистрациянын аппаратын кичине кеңейтип, укугун көбөйтүп жыйынтыгында малекеттик башкаруу айыл өкүмөтү, областык башкаруу, Республикалык башкаруу болгон үч баскычтан турмак. Ошондо жанбагуу булагынан айрылгандардын эсебин чыгарганыбызды 500 миң адамга чукулдаган. Муну укканда жетекчиликтин жүрөгү түшүп калып ошол замат реформа жасаштан баш тарткан. Анткени биздин Республикада мамлекеттик кызматтык орун иштеген иштин керектүүлүгү үчүн эмес жумуш таап берүүчү социалдык тармакка айланып калган. Бир адам сопсонун жетишип аткара турган кызматтык орунга кошумча тогузду кошуп койгонбуз. Анан өп чап айлык беребиз. Ал адамдар кааласа каалабаса да Республика боюнча тиричилик (бытовая) коррупциясын күчөтүүчү вирус болуп жашашат. Анткени алган айлыктары жан багууга толук жетипейт анан колу жеткен мүмкүнчүлүктөн пайдаланып коррупциялык иштерге барышат. Кайталайын ар бир кызматсыз калган адамдын үй-бүлөсү бар. Ошону кошкондо мен айткан 500 миң чыгат.

Эң башкы коркунуч кыскартууга учураган 100 миңге чукул адам бүт бийликке оппозиция жагына өтөт. Макаланы окуп аткандар ар бириңер өзүңөрдү элестеткиле. Силер иштеген, жан баккан, үй-бүлө баккан булагыңардан күтүүсүз айрылсаңар, айырган адамды жакшы көрөсүңөрбү? Жок. Жек көрөсүңөр. Бүгүнкү “Мамлекеттик реформа жасаш керек. Экономиканы көтөрүш керек. Айлык маяналарды, пенсия, пособияларды көтөрүш керек.”- деген патриот сөздөрүңөр унутта калат. Башкача сүйлөй баштайсыңар. Жылуу ордуңдан айрылуу өтө оор жана жан кейиткен санаа менен коштолот. Бул реформа жасоонун жүрүшүндөгү бир гана кыйынчылыгы. Дагы башкалары бар. Аны санасак узак сөз болуп кетет.

Эгер мамлекетибиз өсүп өнүксүн десек реформаны жасаш керек. Ушундай кыйынчылыкка чыдаш керек. Ошол эле маалда реформаны жумшак өткөрүү жолдорунун программасын да мамлекет иштеп чыгуусу зарыл. Мисалга мамлекеттик кызмат ордунан кыскартууга учурагандарга проценти аз болгону 3-4 проценттен ашпаган суммасы 200 миң долларга чейинки кредит берүүнү карап чыгуу зарыл. Анткени мамкызматтардан кыскартууга учурагандар бүт жогорку билимдүүлөр. Дээрлик көпчүлүгү уюштуруу иштеринде таланттары бар адамдар. Мамлекет алар ар кандай чакан ишканаларды ачып ишкерлик кылып кетүүсүнө шарт түзүү аракетин көрүү керек. Бир нечелери биригип, ар бири өздөрү алган кредиттерин ортого топтоп орто жана чакан ар кандай манфактуураларды ачууга мамлекет сунуштамаларды бериш керек. Ошондо бул кыскартуулар пайдалуу жагын көрсөтөт. Чакан манфактууралар көбөйүп кошумча жумушчу орундар түзүлөт. Мамлекетке салык төлөөчү булактар көбөйөт. Маселе аларга киридит берүүчү каражатты табууда турат. Ал деле бар. Мамлекеттик кызмат орундарын кыскартуудан миллиардтаган каражат үнөмдөлөт. Ошол үнөмдөлгөн каражатты эле кайра аларга кредит кылып берүүчү программаны иштеп чыккан туура. Мунун баары күнү түнү иштөөчү түйшүктү жаратат. Мен сөздү узартпаш үчүн ойлорду кыскартып жаздым.

Реформа тереңдеп, күчөп дем (оборот) алган сайын Садыр Жапаровду сүйүүчүлөрдүн сүйүүсү өчө баштаарын, тескерисинче сын көбөйөөрүн астына ала эскертейин. Эгер “Мамлекетте реформа жүрсүн, өзгөрөлү, жаңы багытка түшөлү”, - десеңер Садыр Жапаровго “Жашообузду оңдо. Бирок ар бирибиз жылуу ордубуздан козголбой уктап турсак эле жыргаал жашоо болуп калсын” - десек эч нерсе өзгөрбөйт. Ачуу чындыкты ар бирибиз туура түшүнүп, бийликтин туура жасаган иштерин колдоп, кемчилдик кетирсе “Мага тийбе” - деген түшүнүктө эмес, так факты менен ачык айтып, оңдош жолун сунуштап, ар бирибиз өзүбүздү өзгөртүп чогуу аракеттенсек гана жеңишке жетишебиз. Болбосо азыркы абалдан чыкпай, ар несе айтып акылдуу болуп сындашып жүрө беребиз.

Пикир

Оставить комментарий