• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чотонов Текебаевге мага 660 миң долларды кайтарып берүүнү сунуштаган - Маевский

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30-июнь /Кабар/. 29-июнда Бишкектин Биринчи май районудук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун иши каралууда.

Күбө катары Россиянын жараны ишкер Леонид Маевский суралды.

“Мен алар менен байланыша албай коюп, сентябрда Бишкекке учуп келдим. Жагдай жагымсыз, курчуп тургандай болду. Ресторанда жолуктук. Биринчи Чотонов кирди, анын 1-2 адамы столдун бурчтарына “күлкүлүү” куралдарын коюп коюшту. Мен эмнеге экенин сурасам, ал: “Сен түшүнөсүң да, бизди баары угушат, атаандаштар жана башка” деди. Биз отурдук, Текебаев келди. Мен дароо айттым: “Жашоодо ар кандай болот. Эгерде милдетиңерди аткара албасаңар, акчамды кайтарып бергиле, тарап кетели”. Чотонов туура позиция алып: “Ооба, акчаны алдык. Иш болбой жатат”, - деди. Ал Текебаевге ошол жерден “Сенде 660 миң доллар турат го, кел бул акчаны азыр ага берели, эсептешип коебуз ”, - деген деп айтып берди Л.Маевский.

Анын айтымында, ал “бул акча Чотоновдо эмес, Текебаевде экенин” түшүнгөн. “Мен сот алдында бул акчалар Чотоновдо болбогонун, акча башынан Текебаевге арналганын жана ал алганын так айта алам. Ал мэи Чотонов мага акчаны кайтарып берүүнү туура көргөн. Бул үчүн Чотоновго ыраазымын. Буга Текебаев: “Сен түшүнөсүң да бизде адамдар алдында башка милдеттерибиз бар”, - деди. Мен: “Кызык, башка адамдар алдындагы милдеттериңерди менин акчам менен аткарасыңарбы, акчамды кайтарып бергиле”, - дедим. Буга Текебаев “азыр деле кеч эмес, жакынкы 2 жумада акча топтоп, кандай алсак, ошондой жеткирип беребиз” деген. Мен көп деле ишенген жокмун,бирок, башка жол менен кысым көрсөтө алган жокмун. Мен баарына объективдүү карадым. Чотонов анда министр, Текебаев өкмөттө жетекчилердин бири болчу. Жагдай өзгөрүп кетээрине ишенип мен кетип калдым”, - деди ал.

25-февралда Ө.Текебаевге жана башка адамдарга карата коррупция жана алдамчылык беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Ага россиялык ишке Леонид Маевскийдин депутатка 1 млн доллар бергени тууралуу арызы негиз болгон.

Булагы: АКИpress

Пикир

Оставить комментарий