• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чу дарыясынын жээгинин кооптуу тилкелеринде бекемдөө иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 07.09.19. /Кабар/. 2019-жылга Чу дарыясында 3 тилкесинде жээк бекемдөө иштери жүргүзүү мерчемделип, анын ичинен бир участкада иштер толугу менен бүткөн, калган объектиде жумуш уланууда.

Алсак, Аламүдүн районунун Васильевка айылындагы Чу дарыясынын жээгин бекемдөө иштери 2019-жылдын 25-июнунда башталып, бүгүнкү күндө иш толугу менен бүткөн. Узундугу 500 метр бекемделип, 6 шпора курулган. Натыйжада 20 га жер, 100 турак жай суу ташкынынан корголот.

Мындан тышкары Сокулук районунун Төмөнкү-Чүй айылындагы тилкеде Чу дарыясынын жээгин бекемдөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий