• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чу суусуна агып кеткен 26 жаштагы бала изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 27-июль /Кабар/. Куткаруучулар Сокулук районундагы Чу дарыясына агып кеткен 26 жаштагы баланы издөөнү улантышууда. ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, издөө иштерине төрт куткаруучу жана эки өрт өчүрүү кызматкерлери тартылган.

Мындан тышкары куткаруучулар Ленин районунда болжолу менен 17:00 чамаларында сууга чөгүп кеткен 18 жаштагы Ж. уулу С. аттуу жаранды табышкан.

Кыргызстанда жыл башынан бери 96 адам сууга чөккөн. Алардын 30 бала. Ал эми жай мезгилинде, 1-24-июлга чейин 64 адам сууга чөккөн. Алардын 23ү балдар.

Пикир

Оставить комментарий