• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чу жана Аламүдүн суусуна түшүп кеткен эки адамды издөө иштери уланууда - ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 07.09.20. /Кабар/.15-август күнү Чүй облусунун Аламүдүн районунда "Теплые ключи" эс алуу жайында Аламүдүн суусуна 26 жаштагы кыз түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Ага ылайык, 6-сентябрь күнү издөө иштерин улантуу максатында ӨКМден жалпы 16 куткаруучу тартылып, саат 18:30да издөө иштери убактылуу токтотулган.

Ошондой эле 7-август күнү Нарын облусунун Кочкор районунда Теңдик айылындагы Чу дарыясына 7 жаштагы бала чөгүп кеткен.

6-сентябрь күнү издөө иштерин улантуу максатында Кочкор райондук №42 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылды. Натыйжа болгон эмес.

Издөө иштер 7-сентябрь күнү улантылат.

Пикир

Оставить комментарий