• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чубак ажы Жалилов Аалымдар кеңешинен кетүү тууралуу арыз жазды

Коом 0

Бишкек, 17.06.20./Кабар/. Мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов Аалымдар кеңешинен кетүүгө ниеттенүүдө.

Ал Аалымдар кеңешинин төрагасы Абибилла Кадырбердиевдин атына арыз жазган. Анда Жалилов Аалымдар кеңешинин мүчөлүгүнөн бошотууну өтүнгөн.

Арыздын сүрөтүн Жалилов өзүнүн facebook баракчасына жайгаштырган.

“Урматтуу бир туугандар! Мен Жалилов Чубак ажы, Аалымдар кеңешинен өз ыктыярым менен арызымды жазып, аманатты тапшырдым. Учурдан пайдаланып урматтуу Аалымдар кеңешинин төрагасынан жана жалпы мүчөлөрүнөн пендечилик кылып кемчилик келтирсем, көңүл ооруткан болсом үзүр сурайм”, - деп жазган Жалилов.

Пикир

Оставить комментарий