• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чүй облусунда бир жумада 3,5 миңден ашык жол эрежесин бузуу катталган

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.12.18. /Кабар/. Өткөн жумада 17-23-декабрь күндөрү Чүй облусунда 3 миң 774 жол эрежесин бузуу катталган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы маалымдады.

Катталган жол эреже бузуулар:

- 33 айдоочу унаасын мас абалында башкарган;

- 5 айдоочунун унаасынын айнектери караңгылатылган;

- 34 айдоочунун документтери жок болгон;

- 454 айдоочу ылдамдыкты ченинен ашырып айдаган;

- 102 унаа айып токтотуучу жайына жиберилген.

Жол көзөмөлдөө кызматкерлери айдоочуларды жол эрежесин сактоону өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий