• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чуйков атындагы окуу жайдын жаңы директору дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 29.03.18 /Кабар/. Бүгүн 29-мартта С.А.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын директору болуп Мамаев Настарбек дайындалды. Буйрукка маданият,маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов кол койду.

Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жаңы шайланган директор бир жылдык эмгек келишимдин негизинде дайындалды. Эгерде Настарбек Мамаев өз ишин бир жылда мыкты деңгээлде көрсөтө алса, эмгек келишим дагы бир жылга узартылат.

Белгилей кетсек, Настарбек Мамаев учурда 56 жашта. Ал ушул эле С.А Чуйков атындагы окуу жайды аяктаган. Кийин Австрияда доктарантурада окуп келет. Көркөм сүрөт искусствосу боюнча Москвада билим алган. Анын чыгармалары Түркия, Австрия, Индия, Казакстанда жана башка өлкөлөрдө сүрөт көргөзмөлөрдө коюлган. «Art of Silk Road» Эл аралык көргөзмөдө алтын медаль алып, Венанын сүрөт академиясынын алтын медалына татыган.

Пикир

Оставить комментарий