• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чукул билдирүү: Чүй менен Бишкекте катуу шамал болушу күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 01.05.18. /Кабар/. Бүгүн, 1-майда Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында катуу шамал болушу ыктымал,-деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Кыргызстандын аймагында 1-2-майда туруксуз аба ырайы күтүлөт.

1-майда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, күндүз жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт.

2-майда түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 1-майда Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында 17-22 метрге, 2-майда Нарын, Ысык-Көл облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы төмөндөп: Чүй, Талас дыйканчылык аймактарында 11…16°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 13…18°, тоо этектеринде 10…15° жылуу, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 11…16°, тоолуу райондордо 3…8° жылуу, бийик тоолуу райондордо -2° сууктан …+3° жылуулукка чейин болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат. 1-2-майда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен областарындагы дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлушү күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий