• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чукул билдирүү! Кыргызстанда туруксуз аба ырайы күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 02.09.19. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында 2-3-сентябрь күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Билдирүүгө ылайык, мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы төмөндөп: Чүй облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 11…16 градус, күндүз 19…24 градус, тоо этектеринде түнкүсүн 5…10 градус, күндүз 13…18 градус, Талас облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 7…12 градус, күндүз 17…22 градус, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 12…17 градус, күндүз 23…28 градус, тоо этектеринде түнкүсүн 9…14 градус, күндүз 19…24 градус, Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 5…10°, күндүз 15…20°, тоолуу райондордо түнкүсүн 1…6°, күндүз 9…14° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9° суук, күндүз 3…8° жылуу болушу күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий