• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чукул кабар! Тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар

Коом 0

Бишкек, 31.12.19. /Кабар/. ӨКМ кызматы шашылыш билдирүү таратып, Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар экендигин кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 31-декабрында күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Катуу жаан-чачын жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, унаалардын кыймылдоосун кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий