• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чыңгыз Айдарбеков Борбордук Азиядагы ТИМ башчыларынын Федерика Могерини менен жолугушуусуна катышат

Саясат 0

Брюссель, 20.11.18. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Борбордук Азиядагы тышкы иштер министрликтеринин башчыларынын Евробиримдиктин чет элдик иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини менен жолугушуусуна катышат. Бул тууралуу Брюсселде өткөн брифингде Тышкы байланыштардын европалык кызматынын Борбордук Азия боюнча бөлүмүнүн башчысы Борис Ярошевич билдирди.

Жолугушууга Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери катышат.

Мындай жолугушуу былтыр Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн.

“Алдыда өтө турган жолугушууда министрлер аймактагы абалды, жалпы чакырыктарды, климаттын өзгөрүшү, экология, коопсуздук маселелери, Борбордук Азия менен Евробиримдиктин ортосундагы кызматташтык мүмкүнчүлүгүн талкуулашат. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары саясат жана өнүгүү тармактарында өнүгүү боюнча келечектеги пландарга маалымат берет”, - деди ал.

Ошондой эле Чыңгыз Айдарбековдун Могерини менен эки тараптуу жолугушуусу күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий