• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Айдарбеков деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өлкөлөрдүн ТИМ башчыларынын онлайн жолугушуусуна катышты

Саясат 0

Бишкек, 24.09.20. /Кабар/. Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өлкөлөрдүн ТИМ башчыларынын онлайн жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара кечээ, 23-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясынын алкагында Казакстандын БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өлкөлөрдүн тобунун казак тараптын төрагалыгынын алкагында өттү.

Онлайн жолугушууга БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерриш, БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясынын төрагасы Волкан Бозкыр, Бүткүл Дүйнөлүк Бажы Уюмунун баш катчысы Кунио Микурия, Эл аралык Деңиз түбү боюнча Башкармалыктын баш катчысы Майкл Лодж, БУУнун Табигый кырсыктар тобокелин азайтуу боюнча бюросунун башкы катчысы Мами Мицотори, БУУнун башкы катчысынын орун басары - Эң аз өнүккөн өлкөлөр, деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү чектелген өлкөлөр жана кичинекей аралдарды өнүктүрүп жаткан өлкөлөр боюнча жогорку өкүл Фекитамоэла Катоа Утойкаману, БУУнун башкы катчысынын орун басары - Африка боюнча атайын элчинин кеңсесинин башчысы Вера Сонгве, Азия жана Тынч океанынын экономикалык жана социалдык комиссиясынын жооптуу катчысы Армида Алисжахбана, ошондой эле Кыргызстан, Казакстан Парагвамия, Армения, Эфиопия, Непал, Афганистан, Лесото, Боливия, Бутан, Тажикстан, Ботсвана, Малави жана Буркина-Фасонун тышкы иштер министрлери, Зимбабве, Лаос, Австрия, Молдова, Түркия, Монголия, Өзбекстан, Уганда, Нигер өлкөлөрүнүн, БУУнун мекемелеринин, эл аралык жана аймактык уюмдардын, коммерциялык эмес уюмдардын жана жеке сектордун өкүлдөрү катышты.

Өз сөзүндө КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков кыргыз тараптын Улуттук стратегиялардын жана өнүгүү пландарынын алкагында 2014-2024-жылдарга карата Деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өлкөлөрдүн Вена иш-аракеттер программасын ырааттуу жүзөгө ашырууга милдеттенмесин дагы бир жолу ырастады. Ал ошондой эле коронавирус эпидемиясына жана анын социалдык-экономикалык кесепеттерине каршы күрөштө кызматташтыкты улантуунун, анын ичинде деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө туруктуу өнүгүүнү каржылоо, үзгүлтүккө учураган соода байланыштарын калыбына келтирүү жана карыздын жүгүн жеңилдетүү боюнча эл аралык жардамды улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Өзгөчө, министр Ч.Айдарбеков 2020-жылдын 28-майында болуп өткөн Коронавирус доорунда жана андан кийинки өнүктүрүүнү каржылоо боюнча жогорку деңгээлдеги иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков тышкы карызды “терең” реструктуризациялоо зарылдыгын жана туруктуу өнүгүү долбоорлорунда карызды конверсиялоо механизмин кеңири колдонуунун маанилүүлүгүн белгилегендигин кубаттады.

Жыйынтыгында Деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунун Декларациясы жана 2014-2024-жылдарга Деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өлкөлөрдүн Вена иш-аракет программасын ишке ашырууну тездетүү боюнча Жол картасы кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий