• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чыңгыз Айдарбековдун ордуна Улан Примов комитет төрагасы болду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 20.10.22. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин төрагалыгына Улан Примов шайланды. Мындай чечим Жогорку Кеңештин 20-октябрындагы жыйынында кабыл алынды.

Добуш берүү жабык өтүп, 70 эл өкүлү "макул" болсо, бирөө "каршы" чыкты. Жыйынтыгында тиешелүү токтом кабыл алынып, Примов комитет төрагасы болуп шайланды.

Белгилей кетсек, буга чейин депутат Чыңгыз Айдарбеков Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагалыгынан алынган.

Пикир

Оставить комментарий