• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте Чыңгыз Айтматов атындагы китепкана жаңыланып ачылды

Коом 0

Бишкек, 22.06.22. /Кабар/. Бишкекте Чыңгыз Айтматов атындагы №1 шаардык китепкана модернизацияланып ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, китепкананы жаңылоо үчүн мэрия тарабынан 2 млн сом бөлүнүп, 500 миң сомго китепкана оңдолуп, 1,5 млн сомго керектүү жабдуулар жана эмеректер алынган.

"Китепканага интернетке туташкан ноутбуктар, планшеттер, ыңгайлуу стол менен отургучтар коюлду", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, ачылуу аземине Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачева, Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова, Маданият, спорт, туризм жана жаштар иштер боюнча департаментинин директору Мирлан Парханов, Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков жана башкалар катышты.

Маалымдама: 1946-жылы М.В.Фрунзе атындагы №1 шаардык балдар китепканасы болуп ачылган. 1960-жылы Л.Н.Толстой атындагы китепкана болуп өзгөргөн. 1978-1979-жылдары БКТ түзүлүп, курамына кирген. 1993-жылы китепкана Айтматов атындагы китепканасы болуп өзгөртүлгөн. Салтанаттуу жыйынга Чыңгыз Төрөкулович өзү катышып, ошондон бери китепкананын ишинин негизги багыты жазуучунун чыгармаларын элге жайылтуу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий