• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чыңгыз Айтматов бүгүнкү күндө чыгармалары көп басылган классиктердин бири – ЖК төрагасы

Саясат 0

Бишкек, 19.10.18. /Кабар/. ЮНЕСКОнун маалыматына ылайык, Чыңгыз Айтматов азыркы замандын эң көп окулуучу авторлорунун бири. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште өтүп жаткан улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90-жылдык мааракесине арналган илимий-практикалык конференцияда ЖКнын төрагасы Дастанбек Жумабеков билдирди.

Ал белгилегендей, бүгүнкү иш-чара абдан маанилүү. Айтматов жазуучу гана эмес, коомдук жана саясий ишмер болгон.

“Чыңгыз Айтматов СССРдин Жогорку Кеңешинин депутаты болгон кезде, курч коомдук-экономикалык маселелерди көтөргөн. Кыргыз Республикасы эгемендүүлүктү алган кезде, Чыңгыз Төрөкулович көп убакыт дипломат чөйрөсүндө иштеп, эр аралык аянтчада өлкөнүн аброюн көтөрүүгө чоң салымын кошкон. Планетанын азыркы абалы жана келечеги жөнүндө интеллектуалдык ой-толгоолорун ортого салуу үчүн дүйнөгө таанымал чыгармачыл инсандарды жана коомдук ишмерлерди чакырып, Ысык-Көл шеринесин негиздеген”, - деп белгиледи төрага.

Төрага Жумабеков Айтматов – Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу экендигин эске салды.

“ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча Чыңгыз Айтматов бүгүнкү күндө чыгармалары көп басылган классиктердин бири. Анын мурасы дүйнөнүн 170тен ашуун тилине которулуп,100 миллиондон ашуун нуска менен 130га жакын өлкөдө басылып чыгарылган”, - деп белгилеп кетти ал.

Мындан сырткары, Төрага улуу калемгердин кичи мекени Шекер айылына барып, "Чыӊгыз-Ордо" маданий комплексинин пайдубалына капсула салып келгенин эске салды.

Белгилей кетсек, Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулган илимий-практикалык конференцияга Жогорку Кеңештин депутаттары, илимпоздор жана бир катар коомдук-саясий ишмерлер катышууда.

Пикир

Оставить комментарий