• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чыңгыз Айтматов эл аралык жогорку трибуналардан көптөгөн актуалдуу маселелерди козгогон – Бобоалиева

Коом 0

Чолпон-Ата, 07.10.18. /Кабар/. Чыңгыз Айтматов Кыргызстандын эле эмес, Тажикстандын дагы жазуучусу болуп эсептелет. Бул тууралуу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган III “Чыңгыз Айтматов жана учурдун чакырыктары” эл аралык Ысык-Көл форумунда С.Улугзода атындагы Тажик мамлекеттик тилдер институтунун филология илимдеринин кандидаты Забиниссо Бобоалиева билдирди.

Ал 20-кылымдын аягы жана 21-кылымдын башындагы учур татаал окуялардын, жаңжалдардын жана пикир келишпестиктердин өнүккөн заманы экендигин белгиледи.

“Саналган көйгөйлөр көркөм адабиятта чагылдырылган. Аталган аспект дүйнөлүк коомчулуктун руханий күзгүсү катары кызмат кылат. Чыңгыз Айтматов бул майданга салмактуу салым кошкондугун баса белгилеп өтүү керек. Анын көркөм жана публицистикалык чыгармаларындагы көйгөйлөрдүн чагылдырылышы бүткүл адамзат үчүн актуалдуу”, - деди ал.

Бобоалиева Айтматов жогорку эл аралык трибуналардан көп актуалдуу көйгөйлөрдү козгогонун, көбүнчө айлана-чөйрөнү коргоо жана экология маселелерин, жаныбарлар дүйнөсү, технологиялык кырсыктар, дүйнөлүк державалардын ортосундагы атомдук көйгөйлөрдү айтканын билдирди.

“Таланттуу жана акылман жазуучунун биринчи чыгармаларында эле гуманизмдин принциптери жана жалпы адамзаттык баалуулуктар сыяктуу темалар ачык чагылдырылган. Алардын катарында “Жамийля” повести бар. Анын жарык көрүшү жаш авторго эл аралык атак-даңк алып келген”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий