• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чыңгыз Айтматов жана Мухтар Шаханов тууралуу даректүү тасма тартылууда

Маданият 0

Бишкек, 24.08.21. /Кабар/. Кыргыз-казак достугун даңазалаган Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов жана Казак эл акыны Мухтар Шаханов тууралуу даректүү тасма тартылууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, даректүү тасмага тартылуу үчүн казак акыны Мухтар Шаханов Кыргызстанга келип кеткен.

"Мындай демилгени иш жүзүнө КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги ашырып, КТРКнын “Маданият. Тарых. Тил” каналы, “ЭлТР” телерадиокомпаниясы, 5-канал, “Пирамида” каналдары жана Т. Океев атындагы Кыргыз Улуттук киностудиясы колдоого алды", - деп айтылат маалыматта.

Тасма Т. Океев атындагы Кыргыз Улуттук киностудиясынын көмөгү менен тартылып, Руслан Машрапов режиссерлук кылууда.

Чыгармачыл сапардын алкагында Мухтар Шаханов “Ата-Бейит” тарыхый комплексинде, Ч. Айтматовдун үй-музейинде жана Ысык-Көлдө болгон.

Ошондой эле чыгармачыл сапардын алкагында А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында Мухтар Шахановдун чыгармачыл кечеси уюштурулуп, ал “Маданият. Тарых. Тил” каналы аркылуу жазылып алынды.

Министрликтин басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, бул тасма Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө арналып, кыргыз-казак достугунун түбөлүктүүлүгүн даңазалайт.

Пикир

Оставить комментарий