• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы жогорку деңгээлде өткөрүлөт - өкмөт

Маданият 0

Бишкек, 14.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Эмил Токтошевдин Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын өткөрүүгө тийиштүү көңүл бурулбай жаткандыгы тууралуу билдирүүсү боюнча төмөндөгүлөрдү билдирет. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын жалпы улуттук жана эл аралык деңгээлде белгилөө максатында Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Жарлык чыгарылган.

Жарлыкка ылайык, Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча жумушчу топ түзүлгөн.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Премьер–министри Мухаммедкалый Абылгазивдин толук көзөмөлү менен планга ылайык иш – чаралар өз нугунда аткарылып жатат.

Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин сунушу менен 2017-жылы Тажикстан Республикасынын Xуджант шаарында түрк тилдүү өлкөлөрдүн маданият министрлеринин V жыйынында түрк тилдүү өлкөлөрдө “Чынгыз Айтматов жылы”, – деп жарыяланды. Чечимдин алкагында жылдын расмий ачылышы Түркиянын Анкара жана Бурса шаарларында өттү.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан жазуучунун 90 жылдык юбилейин жогорку деңгээлде өткөрүү максатында, пландан тышкары 92 пунктан турган иш- чара иштелип чыгып, чет өлкөлөрдөгү Кыргыз Республикасынын Элчиликтеринде жана Башкы консулдуктарда тиешелүү иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-жылдын 16-августунда Казакстан Республикасына жумушчу сапарынын алкагында Астана шаарында Чыңгыз Айтматов атындагы көчөнүн ачылыш салтанатына катышкан.

Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 4 – 7-октябрында “Чыңгыз Айтматов жана учурдун чакырыктары” аталышындагы III Эл аралык Ысык – Көл форумун өткөрүү боюнча даярдыктар көрүлүүдө. Эл аралык форумга белдүү коомдук ишмерлердин, маданият жана абадият кызматкерлердин катышуусу күтүлүп жатат. Форумдун коноктору катары көрүнүктүү окумуштуулар, илим, билим жана искусство, саясат жаатындагы ишмерлер чакырылган. Жалпысынан дүйнөнүн 42 мамлекетинен коноктор чакырылды.

2018 – жылдын 12 – ноябрында «Айтматов жана театр» эл аралык театралдык фестивалын өткөрүү боюнча жогорку деңгээлдеги иш-аракеттер көрүлүп жатат. Эл аралык фестивалда Чынгыз Айтматовдун чагармаларынын негизинде коюлган спектаклдер бир канча мамлекеттин катышуусу жана чыгармачыл коллективдердин катышуусу менен өткөрүлөт.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин караштуу Туризм департаменти тарабынан Чынгыз Айтматовдун чыгармаларында жазылган жерлер боюнча 4 (төрт) туристтик маршруттук тур иштелип чыкты.

Ошондой эле Талас облусундагы Шекер айылында «Чыңгыз Ордо» маданий-тарыхый мемориалдык музей комплексин куруу үчүн 15 гектар жер тилкеси бөлүнүп берилген.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан «Чыңгыз Ордо» маданий-тарыхый мемориалдык музей комплексинин куруу боюнча сынак жарыяланган. Учурда комплексти салуу үчүн тиешелүү иш аракеттер жүргүзүлүп жатат.

2017-жылдын 18-декабрында КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан Москва шаарында Ч.Айтматовдун эстелигин тургузууга тендер өткөрүлүп, анын натыйжасы боюнча долбоордун башкы подрядчысы катары КР Көркөм сүрөт фонду аныкталган. Учурда Москвада архитектуралык иштер жүргүзүлүп жатат.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы тарабынан планда каралган бардык китептерди чыгаруу боюнча иш жүрүп жатат.

Ч.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде XX кылымда тартылган тасмаларды санариптөө иштери Россия Федерациясынны Маданият министрлигинин колдоосу менен аткарылууда.

Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” Улуттук киностудиясынын Көркөм кеңешинин чечими менен 2018-2019-жылдары тематикалык жана өндүрүш планына 3 тасма киргизилген.

“Өзбеккино” мамлекеттик агенттиги менен бирдикте Ч.Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” аттуу повестинин негизинде биргелешип көркөм тасма тартуу ишке ашуу алдында турат.

Буга катар Жаштар жана маалымат каражаттары арасында Чынгыз Айтматов өмүрү жана чыгармачылыгына карата республикалык сынак жаряланган. Жалпы байге фонду 800 000 сомду сүзөт.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан Ч. Айтматовдун 90 жылдык юбилейине карата жез никельден монета дайындоо үчүн эскиз иштелип чыккан, учурда даярдоо иштери жүрүүдө. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан Ч.Айтматовдун айкели түшүрүлгөн сувенир – тарелка даярдалды.

Мындан сырткары, маданият үйлөрүндө, билим берүү мекемелеринде жолугушуулар, эскерүү кечелери, көргөзмөлөр республиканын бардык аймагында өткөрүлүп жатат.

Ошондой эле аталган юбилейлик иш-чаранын планына ылайык, массалык маалымат каражаттары аркылуу маалыматтар үзгүлтүксүз берилип жатат.

Пикир

Оставить комментарий