• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чыңгыз Макешов: Кызмат көрсөтүү жана соода – инвестиция салуу үчүн эң пайдалуу тармак

Коом 0

Бишкек, 25.01.19. /Салтанат Абдраева – Кабар/. Кызмат көрсөтүү жана соода – Кыргызстанда инвестиция салуу үчүн эң пайдалуу тармак. Бул тууралуу "Мен Кыргызстанга инвестиция салам" долбоорунун жетекчиси Чыңгыз Макешов билдирди.

"Көп учурда элдер өндүрүшкө каражаттарын салууга аракет жасашат. Бирок өндүрүш бул көп убакытты жана каражатты талап кылат. Менин байкоом жана тажрыйбам боюнча соодага жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө салуу өзү-өзү тез арада актайт. Булар аз убакытта пайда алып келе турган тармактар", - дейт Макешов.

Макешов берилген суроолорго жооп берип жатып, спирт ичимдиктери, тамеки жана кумар оюндары тармагына эч качан инвестиция салбай тургандыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий