• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чычкан капчыгайына оор жүк ташуучу унаа түшүп кетип, айдоочу каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 02.06.21./Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунун 236-чакырымында жол кырсыгы катталды, - деп билдирет ӨКМдин маалымат кызматы.

Билдирүүгө ылайык, RENO үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа оодарылып, Чычкан капчыгайына түшүп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу каза болгон.

Куткаруучулар каза болгон жарандын сөөгүн унаадан чыгарып, ИИМ өткөрүп беришкен. Жерине 5 куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий