• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Чычкан капчыгайында үч унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, жаш жигит каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 24.09.19. /Кабар/. Бишкек – Ош унаа жолунун 250-чакырымдагы Чычкан капчыгайында болжол менен саат 14:30 чамасында эки жеңил унаа жана жүк ташуучу унаа катышкан жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.

"ДАФ" үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын 30 жаштагы М.А., аттуу айдоочусу белгисиз себептерден улам жолдун четине чыгып, 46 жаштагы Т.Т., аттуу жаран башкарып келе жаткан "БМВ" унаасын сүзгөн. Андан кийин 26 жаштагы К.уулу А. айдаган "Мерседес-Бенц" унаасы менен кагышкан.

Окуядан улам "Мерседес-Бенц" унаасынын айдоочусу Токтогул райондук ооруканага жеткирилгенден кийин каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий